Билип алыңыз: Кыргызстанда эң кеңири жайылган алдамчылыктын эки түрү
Жарандарды алдап акча өндүргөн шылуундардын схемасы бир ордунда турбайт, аны тез-тез өзгөртүшөт. Бул тууралуу Улуттук банктын керектөөчүлөрдүн укугун коргоо бөлүмүнүн башчысы Эркин Маматибраим уулу билдирди.
Айтымында, ар кандай жол менен жарандарды алдагандар – жалгыз-жарым адамдар эмес, булар чоң кылмыштуу топтор. Элди кантип алдап, акчаларын алуу боюнча уюмдаштырылган бөлүмдөрү бар “бизнес борборлорун” түптөшкөн.
Маматибраим уулу белгилегендей, 2025-жылдын башынан бери Кыргызстанда алдамчылыктын ар кандай түрлөрү иштеп баштады. Анын ичинен эң кеңири жайылганы телефон жана социалдык тармактар аркылуу алдоо. Ал кандайча ишке ашат?
1. Социалдык тармактарга брокердик биржа аркылуу акчаны көбөйтүп берүү боюнча жарнама жайгаштырышат. Ага ишенген адамдар акчаларын терминал аркылуу алдамчылардын эсебине өз ыктыяры менен которушат.
2. Алдамчылар телефон аркылуу байланышып, өздөрүн укук коргоо органдарынын, Улуттук банктын, Президенттик администрациянын кызматкерлерибиз деп тааныштырып, ар кандай алдоо, коркутуу же басым жасоо жолу менен акча өндүрүшөт.
