Шеркул Турганбаев
4 декабрь
Шеркул Турганбаев ИИМ ЖКККББнын басма сөз кызматынын башчысы болуп дайындалды
Милициянын капитаны Турганбаев Шеркул Каримбекович КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын штабынын басма сөз кызматынын башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу башкармалыктан кабарлашты.
Буга чейин бул кызматты аркалаган милициянын капитаны Байказы Айтикул уулу ушул эле башкы башкармалыктын башка кызматына которулду.
Шеркул Турганбаев 2011-2019-жылдары 7-каналда, 2019-2024-жылдары Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматында, 2024-2025-жылдары Талас ОИИБдин басма сөз кызматында эмгектенген.
