Аламүдүн районундагы "Р 7" каналына бетон полотносу төшөлүүдө
Аламүдүн районунда жайгашкан "Р7" каналына бетон полотносу төшөө иштери кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен кабарлашты.
"Р7" каналдын жалпы узундугу 4,16 км түзүп, 3212 гектар сугат аянтын суу менен камсыз кылууда.
Каналга бетон полотнону төшөдө - сугат суусун жоготуусуз, дыйкандарга жана айыл тургундарына суу менен камсыз кылууну жакшыртат, натыйжада айыл чарба өсүмдүктөрүн түшүмүн жогорулатуга шарт түзөт.
Аламүдүн райондук суу чарба башкармалыгы тарабынан каналга жалпы 1100 метр бөлүгүнө бетон полотно төшөө пландалган.
