Ош шаарында дагы бир эс алуу багы пайда болот
2 июнь

Ош шаарында дагы бир эс алуу багы пайда болот

Ош шаарындагы Исанов көчөсүндө дагы бир эс алуу багын куруу иштери башталды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, бул жер каралбай, тосмолору урап, ичиндеги бак дарактар куурап турган.

"Мэр Жеңиш Токторбаев рейддик кыдыруу учурунда, тосмолорду алып, бак дарактарды иретке келтирип, айланасын оңдоп түзөө менен жашоочулар үчүн эс алуу багын куруп берүү тапшырмасын берген", – деп айтылат маалыматта.

Учурда долбоору толук даярдалып, курулуш иштери жүрүп жатат.