Кыргызстанда  ШКУга мүчө-мамлекеттердин саламаттыкты сактоо министрлеринин IX жыйыны өтөт
28 апрель

Кыргызстанда ШКУга мүчө-мамлекеттердин саламаттыкты сактоо министрлеринин IX жыйыны өтөт

Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин саламаттыкты сактоо министрлеринин кезектеги тогузунчу жыйыны 2026-жылы Кыргызстанда өтөт. Мындай чечим бүгүн,28-апрелде Кытайдын Сиань шаарында өткөн сегизинчи жыйындын жүрүшүндө кабыл алынды.

КР саламаттыкты сактоо министри Эркин Чечейбаев эстафетаны алып жатып, дүйнөлүк саламаттыкты сактоо системасын өнүктүрүү үчүн ШКУга мүчө-мамлекеттердин кызматташтыгынын маанилүүлүгүн белгиледи.

Сөзүнүн аягында ал Кытай тарапка жолугушууну уюштурууга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, кесиптештерине жемиштүү кызматташууну каалады.