Кыргызстандын ички иштер министри Россиянын ички иштер министринин орун басарын кабыл алды
30 октябрь

Кыргызстандын ички иштер министри Россиянын ички иштер министринин орун басарын кабыл алды

2025-жылдын 30-октябрында Укук коргоо органдарынын жетекчилеринин мыйзамсыз баңги жүгүртүүгө каршы аракеттенүү боюнча ЖККУга мүчө мамлекеттердин 27-отурумунун алкагында, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков Россия Федерациясынын Ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-полковниги Андрей Храповду кабыл алды.

Жолугушууда тараптар мыйзамсыз баңги жүгүртүүгө каршы күрөшүү багытындагы өз ара кызматташуунун актуалдуу маселелерин жана мындан аркы өнөктөштүктү чыңдоо келечегин талкуулашты.

Кыргыз Республикасынын ички иштер министри биргелешкен ишмердүүлүктүн аркасында кызматкерлердин кесиптик деңгээли олуттуу жогорулагандыгын, ошондой эле 200 миллион АКШ долларынан ашык суммага 26 тоннадан ашык баңгизат жана прекурсорлор алынып, бир катар ийгиликтүү биргелешкен операциялар жүргүзүлгөндүгүн белгиледи. 

"Бул биздин министрликтердин кызматташтыгынын жогорку деңгээлдеги ишениминин жана натыйжалуулугунун түздөн-түз далили. Бүгүнкү күндө иш-аракеттердин жогорку динамикасын жана стратегиялык координациясын сактоо мурдагыдан да маанилүү. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги өз ара аракеттенүүнү мындан ары тереңдетүүгө жана биргелешкен жаңы демилгелерди ишке ашырууга даярдыгын тастыктайт", – деп белгиледи министр.

Жолугушуунун соңунда тараптар баңги коркунучтарына каршы күрөшүүнүн жалпы системасын бекемдөөгө багытталган ыкчам-кызматтык, аналитикалык жана окуу-методикалык тармактарда активдүү кызматташууну улантууга даяр экендиктерин билдиришти.