Энергетика министрлиги жана «Электр станциялар» ААКсы Кара-Көл жана Ат-Башы жергесинде балдарды куттукташты
2 июнь

Энергетика министрлиги жана «Электр станциялар» ААКсы Кара-Көл жана Ат-Башы жергесинде балдарды куттукташты

1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнүндө Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин демилгеси менен Кара-Көл шаарында жана Ат-Башы айылында аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына арналган майрамдык иш-чара өткөрүлдү.

Бул иш-чарага «Электр станциялар» ААК да кошулуп, балдарга жылуу каалоо-тилектерин айтып, ден соолук, кубаныч жана бактылуу балалык каалашты.

Мындай демилгелер өсүп келе жаткан муунду колдоого багытталган жакшы салтка айланып келет.

Энергетика министрлиги жана «Электр станциялар» ААК мындан ары да региондордо социалдык багыттагы иштерди улантып, жардамга муктаж адамдарга колдоо көрсөтүүнү улантат.