Бишкекте өз алдынча орнотулган жарнамалык конструкцияларды демонтаждоо иштери улантылууда
30 октябрь

Бишкекте өз алдынча орнотулган жарнамалык конструкцияларды демонтаждоо иштери улантылууда

Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы жарнамалык объектилерди жайгаштырууга болгон көзөмөлдү күчөтүү жана борбор шаарды дизайн-кодго туура келбеген конструкциялардан тазалоо иштерин улантууда.

Кечээки рейд Ленин жана Биринчи Май райондорунун аймагында өттү. Айрыкча Манас – Жибек Жолу проспектилеринин кесилишинде, ошондой эле Жаш гвардия бульвары менен Чүй проспектисинин айрым бөлүктөрүндө иштер жүргүзүлдү.Рейд учурунда дизайн-кодго туура келбеген жана уруксат документтери жок орнотулган жарнамалар менен билборддор алынып салынды.

Биринчи Май районунун аймагында Кыргыз Республикасынын «Бузуулар жөнүндө» кодексинин 107-беренесинин 3–4-бөлүктөрү боюнча 7 протокол түзүлдү.

Жыйынтыгында жалпы 120 жарнамалык конструкция демонтаждалды.

Рейд акимиаттар, Муниципалдык инспекция жана Бишкек шаарынын Архитектура жана шаар куруу башкы башкармалыгы менен биргеликте жүргүзүлдү.

2025-жылдын январь–сентябрь айларынын жыйынтыгы боюнча Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы тарабынан 3 278 мыйзамсыз орнотулган жарнамалык конструкция демонтаждалган.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 107 жана 179-беренелери боюнча жалпы суммасы 1 235 000 сом болгон 288 протокол түзүлгөн.