Кыргызстан менен Түркиянын парламенттери кызматташат
28 апрель

Кыргызстан менен Түркиянын парламенттери кызматташат

Бүгүн Кыргызстандын Жогорку Кеңеши менен Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын ортосунда Парламенттер аралык кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу парламеттин басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Тагыраагы, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу менен Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуш кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн керектүү болгон негизги документке кол коюп, алакаларды арттырууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.