Дипөкүлчүлүктөр сентябрда 20 миңге жакын консулдук кызмат көрсөттү
2024-жылдын сентябрь айында Министрликтин жетекчилиги астында Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери тарабынан консулдук тармакта төмөнкүдөй иштер аткарылды:
- • Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселелери боюнча кабыл алуучу өлкөлөрдүн компетенттүү органдарынын өкүлдөрү менен 52 жолугушуу өткөрүлдү;
- • жарандарды документтештирүү боюнча 19 896 консулдук иш-аракеттер жана консулдук кызматтар көрсөтүлдү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын коргоо боюнча 2 176 консулдук иш-аракеттер аткарылды;
- • консулдук-укуктук чөйрөдө жарандардын 208 жазуу жүзүндөгү кайрылуусу жана 371 электрондук кайрылуусу оң каралды;
- • консулдук кызматтарды алуу маселелери боюнча 20 542 жаранга консультациялар берилди;
- • Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин ыкчам байланыш телефондору аркылуу 11 403 адамга консультация берилди;
- • Кыргыз Республикасынын 1 457 жаранына консультациялык-укуктук жардам көрсөтүлдү.