Көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Бурибай Жураев дүйнөдөн кайтты
4 декабрь

Көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Бурибай Жураев дүйнөдөн кайтты

Кечээ, 3-декабрда 86 жаш курагында көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, өмүр бою элге кызмат кылуунун өрнөгүн көрсөткөн ардактуу ардагер Жураев Бурибай Жураевич дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан кабарлашты.

Бурибай Жураевич 1939-жылдын 12-январында жарык дүйнөгө келип, бүт өмүр жолун калктын жыргалчылыгы менен өлкөнүн өнүгүшүнө арнаган. Ал кайсы гана кызматта болбосун, жоопкерчиликтүү жетекчи, айкөл мүнөз азамат жана чыныгы мекенчил инсан катары таанылган.

Эмгек жолу 1965-жылы башталып, 1971-жылга чейин Ош шаардык комсомол комитетинин биринчи катчысы болуп иштеген. 1971–1980-жылдары Ош шаардык Элдик көзөмөл комитетинин төрагасы, 1981–1984-жылдары Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Ош шаардык комитетинин катчысы кызматтарын аркалаган. 1984-жылдын декабрынан тарта Жалал-Абад шаардык аткаруу комитетин жетектеп, 1986–1990-жылдары Ош облустук кесиптик кошуундар кеңешинин төрагасы катары өзгөчө талапты ишмердүүлүгүн уланткан.

1990–1991-жылдары Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Ош областтык комитетинин катчысы болуп иштеп, мамлекеттик башкаруу тармагына маанилүү салым кошкон.

Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында — 1992-1995-жылдары — Ош облусунун Өзгөчө кырдаалдарды жоюу комиссиясын жетектеп, 1993-1995-жылдары облус администрация башчысынын орун басары кызматын аткарган. 1995-2005-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп, өлкөнүн мыйзам чыгаруу ишине зор эмгек сиңирген. Ал 38 мыйзамдын авторлошу болуп, агрардык саясат, билим берүү, саламаттык сактоо, айыл чарбасы жана жер салыгы боюнча маанилүү мыйзамдардын кабыл алынышына демилге көтөргөн. 1997-2005-жылдары агрардык-өнөр жай комплекси боюнча комитеттин төрагасы болуп иштеп, тармактын өнүгүшүнө баалуу салым кошкон.

Анын көп жылдык тынымсыз эмгеги мамлекет тарабынан жогору бааланып, 1999-жылы «Кыргыз Республикасынын өнөр ишине эмгек сиңирген кызматкер» ардактуу наамы, 2004-жылы «Даңк» медалы ыйгарылган. 2024-жылы Бурибай Жураевич «Ош облусунун ардактуу жараны» наамына ээ болгон.

Мамлекеттик кызматтан тышкары да коомдук иштерде активдүү роль ойноп, улуттар аралык ынтымакты бекемдөөгө жана коомчулуктун биримдигин чыңдоого чоң салым кошкон. 2008–2010-жылдары Кыргыз Республикасынын Коомдук палатасынын мүчөсү болуп, өлкөнүн коомдук-коопсуздук жана социалдык маселелерин чечүүгө катышкан. 2005–2009-жылдары Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Соода өкүлү кызматын аркалаган.

Өзүнүн бай тажрыйбасы, ак ниет кызматы жана адал эмгеги менен Бурибай Жураевич өлкөбүздүн өнүгүшүндө өчпөс из калтырды. Ал — билимдүү, кесипкөй, жоопкерчиликтүү жетекчи, адамгерчиликтүү жана көптөргө үлгү болгон атуул катары эл эсинде түбөлүккө сакталат.

Ош шаарынын мэриясы Бурибай Жураевичтин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу анын үй-бүлөсүнө, жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, орду толгус жоготууга ортоктош болот.