Кыргыз Эл акыны Кожогелди Култегин “Ош облусунун ардактуу атуулу” наамы менен сыйланды
4 декабрь

Кыргыз Эл акыны Кожогелди Култегин “Ош облусунун ардактуу атуулу” наамы менен сыйланды

Ош облусунун социалдык-экономикалык жана маданий жактан өнүгүүсүнө кошкон олуттуу салымы жана көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн драматург, котормочу, Кыргыз Эл акыны Кожогелди Култегин “Ош облусунун ардактуу атуулу” наамы менен сыйланды. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты.

Сыйлыкты бүгүн, 4-декабрда президенттинн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев расмий түрдө тапшырды