Президент Садыр Жапаров парламентке мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдыктардын жүрүшү менен таанышты
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 30-октябрда, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдык көрүү алкагында Борбордук шайлоо комиссиясы өткөрүп жаткан тесттик аралыктан добуш берүү процессинин жүрүшү менен таанышты.
БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Президентке шайлоо жабдууларынын иштөө принциптерин жана аралыктан добуш берүүнүн өзгөчөлүктөрүн көрсөтүп берди.
Тест учурунда система кайталап добуш берүүнүн алдын алуу механизмин да көрсөттү: башка участоктон онлайн идентификациядан өтүүгө аракет кылганда, программа бул шайлоочу добуш берип бүткөнүн билдирип, бюллетень берген жок.
Президент шайлоо процессинин ачык-айкындыгын, техникалык даярдыгын жана бардык жарандар үчүн жеткиликтүүлүгүн камсыздоонун маанилүүлүгүн белгиледи.
Ал Борбордук шайлоо комиссиясына жана тиешелүү мамлекеттик органдарга бардык шайлоо участкаларынын, анын ичинде аралыктан добуш берүү пункттарынын үзгүлтүксүз ишин камсыздоону, ошондой эле жарандардын шайлоого катышуусун жогорулатуу максатында кеңири маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.
Эске сала кетсек, тесттик аралыктан добуш берүү иш-чарасы Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан өлкөнүн бардык участогунда, ошондой эле Россиянын айрым шаарларында өткөрүлүүдө.
Буга чейин ушундай тесттер быйылкы жылдын 10 жана 20-октябрында да өткөн. Анын максаты — жарандарга жаңы аралыктан добуш берүү системасы менен таанышууга жана анын ишенимдүүлүгүнө, ыңгайлуулугуна ынанууга шарт түзүү болуп саналат.
