Кыргызстан менен Венгрия кандай кызматташат: Кол коюлган келишимдер
Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбандын Кыргыз Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында бүгүн, 5-ноябрда, кыргыз-венгер кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө жана чыңдоого багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.
Ошондо төмөнкү документтерге кол коюлду:
- Кыргыз Республикасы менен Венгриянын ортосундагы Кеңейтилген стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө биргелешкен декларация;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Венгрия Өкмөтүнүн ортосундагы Аба катнашы жөнүндө макулдашуу;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен Венгриянын Улуттук салык жана бажы администрациясынын ортосунда кадрларды даярдоо жана кесиптик квалификациясын жогорулатуу жаатында кызматташуу жөнүндө Меморандум;
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен Венгрия Республикасынын Юстиция министрлигинин ортосундагы 2025-2027-жылдарга кызматташтык программасы;
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Венгриянын Тышкы иштер жана соода министрлигинин ортосундагы 2025-2027-жылдарга STIPENDIUM HUNGARICUM программасынын алкагында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум.
