ТИМ Ош, Жалал-Абад жана Баткен областарында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын өкүлдөрү үчүн семинарларды өткөрдү
2025-жылдын 27-29 октябрында, ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү жана эл аралык ишмердүүлүктү координациялоону өркүндөтүүнүн алкагында, Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын алдындагы "Кызмат" мамлекеттик мекемеси менен биргеликте Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын 70тен ашык өкүлдөрү үчүн "Дипломатиялык кызмат" жаңыланган автоматташтырылган маалыматтык тутумунда (АМТ) иштөө боюнча окутуучу семинарларды өткөрүштү.
Семинарлар "Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу максатында уюштурулган, анда ТИМдин жана "Кызмат" өкүлдөрүнүн аталган мыйзамдын нормаларын сактоонун маанилүүлүгүн баса белгилеп, тышкы саясий ведомство, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү оптималдаштырууга багытталган "Дипломатиялык кызмат" АМТда иштөө боюнча кеңири окутуу өткөрүштү.
Семинардын жүрүшүндө КР ТИМнин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери тарабынан чет өлкөлүк делегациялардын Кыргыз Республикасына болгон сапарларында протоколдук иш-чараларды камсыздоо боюнча да сабактар өткөрүлдү.
