Чоң-Алайда жаңы административдик имарат ачылды
19 октябрь

Чоң-Алайда жаңы административдик имарат ачылды

Ош облусуна караштуу Чоң-Алай районунда 18-октябрда Шаар куруу жана архитектура департаментинин Чоң-Алай райондук башкармалыгынын жаңы имаратынын ачылышы болду. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен кабарлашты. 

Иш-чарага курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Бакай Турдугулов, Шаар куруу жана архитектура департаментинин директору Замира Кангельдиева, Чоң-Алай районунун акими Мирбек Шамырканов, жергиликтүү мамлекеттик органдардын башчылары, аймактык башкармалыктын жетекчилери, ардагер архитекторлор жана кызматкерлер катышты.

Буга чейин райондук башкармалыктын кызматкерлери эски жана талапка жооп бербеген имаратта иштеп келген.

Долбоорго ылайык, жалпы 206 чарчы метрди ээлеген эки кабаттуу имаратта, жыйындар жана күтүү залы, архив, кабылдама, бирдиктүү терезе, архитекторлордун бөлмөлөрү жана техникалык кабинет бар.

Заманбап стандарттарга ылайык курулган имаратта кызматкерлер үчүн ыңгайлуу шарттар, жарандар үчүн жеткиликтүү кызмат көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрү түзүлдү.

Белгилей кетсек, Курулуш министрлигине караштуу жаңы административдик имараттар мамлекеттик бюджеттен эмес, министрликтин ички ресурстары менен курулууда.

Учурда өлкө боюнча ондогон жаңы административдик имараттар салынып жатат.