Психолог кызганчаак аялдарга кеңеш берди: Күйөөңдөн күмөн санаган сайын, энергияңды коротосуң
Адамдын ар бир оюу реалдуу ишке айланып кетиши мүмкүн – бул жаман да, жакшы да ой. Бул тууралуу энерготерапевт, психолог Аида Урдинова УТРКнын “Айымдар берүүсүндө” айтып берди.
Ал белгилегендей, ар бир адам, айрыкча, аялдар өзүнө өзү гана жардам берип, ички энергетикасын көтөрүшү керек. А энергияна кантип толуктоо тууралуу психолог мындай кеңеш сунуштады:
“Эрте менен эрте туруп, күн чыгып келатканда аны карап: “Мен ушул жашоомо ыраазымын, Кудайга шүгүр келтирем”, – деп чын дилден айтып, күндү көздү ачып 2 мүнөттөй караш керек. Анткени, күндүн нуру көздүн көрүүсүн да жакшыртат. Анан дагы сыртта жылаңайлак басууга аракеттенүү жакшы. Жердин энергетикасы күчтүү болот. Бул ыкма үйдө бала тарбиялап отурган да, айылда жашаган да, ишкер дагы айымдарга ылайык келет”, – деди ал.
Ошондой эле, психологдун айтымында, эч убакта ойго жаман нерселерди албаш керек. Анткени, ар бир ой аткарылып кетүүгө жөндөмдүү.
“Мисалы, кызганчаак аялдар. Негизи, аялдардын табияты ушундай – эркектерге караганда эмоционалдык жактан күчтүүбүз. Эгерде айым кичине кезинде травма көп алып койсо, өзүнө болгон баалоо сезими төмөн түшүп кетсе, сүйүүнү башкадан тапкандан кийин аны жоготкондор коркот. Жолдошу белек берип, көңүл буруп атат дейли, ошол нерсе жалгыз гана меники болсо деген өзүмчүлдүк пайда болот. Анан жаман ой ичинде жашап алып, күйөөсүнүн ар бир кадамынан күмөн санап баштайт. А күмөн саноо ошол нерсенин болушуна жеткирип коюшу мүмкүн. Андан көрө, айым өзү менен, көңүлүнө жаккан иш менен алектенип, күйөөсүнүн баскан кадамын аңдыганга убакыт калтырбаганы жакшы. Анын кайда, ким менен жүрөт – ага энергияны коротпой, өзүңдү өйдө көтөр. Анткени, башка адамды ойлогон сайын анын энергиясын көбөйтүп, өзүңдүкүн жоготосуң”, – деп белгиледи Аида Урдинова.
