Жалал-Абад облусунун аймагында массалык ишембилик өттү
1 март

Жалал-Абад облусунун аймагында массалык ишембилик өттү

Жалал-Абад облусунун аймагында массалык ишембилик өттү. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты. 

Ишембиликтин жүрүшүндө бак-дарактар буталып, актап-сырдалып, арыктар тазаланган. 

Белгилей кетсек, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн тапшырмасы менен 2025-жылдын 1-мартынан тарта үч айлык ишембилик жарыяланган.