Кардын калыңдыгы 40 сантиметрге жетти. Түп – Кеген унаа жолунда тазалоо иштери жүргүзүлүүдө
видеодон алынган кадр
16 ноябрь

Кардын калыңдыгы 40 сантиметрге жетти. Түп – Кеген унаа жолунда тазалоо иштери жүргүзүлүүдө

Бүгүн, 16-ноябрда, саат 09:30га карата Түп – Кеген унаа жолунда кар тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришкендей, учурда аталган аймакта кар жаап, кардын калыңдыгы 35-40 сантиметрге жетти.

Ал эми министрликтин жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери жолду кардан тазалоо жана унаалардын коопсуз өтүүсүн камсыздоо иштерин улантууда.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги айдоочуларды жолдо этият болууга, ылдамдыкты азайтууга жана жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат.