Жапаров менен Жапыкеев президенттик шайлоого катышуу үчүн керектүү кол топтоду – калгандары улантууда
Кыргызстанда президенттик кызматка талапкерлигин койгон эки жаран шайлоочулардын керектүү кол тамгаларын чогултуп бүттү. Алар – учурдагы мамлекет башчысы Садыр Жапаров жана Финансы полициясынын мурдагы жетекчиси Сыймык Жапыкеев.
Кол топтоонун электрондук системасындагы маалыматка ылайык, 15-ноябрга карата Садыр Жапаров 60 миң, ал эми Сыймык Жапыкеев 31 миң 140 кол топтогон. Экөө тең кол топтоо жол-жобосун аяктады.
Мыйзамда белгиленген 30 миң кол тамга чегине дагы эки талапкер жакындап калды. Аймен Касенов 28 миң 257 кол топтоп, дагы 1 миң 743 кол тамга чогултушу керек. Ал эми Исхак Масалиев 26 миң 89 кол топтогон. Ага талап кылынган санга жетүү үчүн дагы 3 миң 911 кол тамга керек.
Жалпысынан президенттик шайлоого 11 адам катышууга ниеттенүүдө. Алардын арасында азыркы президент, мурдагы депутаттар, мамлекеттик органдардын жетекчилери жана ишкерлер бар. Талапкерлердин ону эркек, бирөө аял.
16-ноябрга карата электрондук системанын маалыматы боюнча, талапкерлерди колдоо үчүн жалпы 227 миңден ашык кол тамга чогултулган.
Кол топтоодо эркектердин активдүүлүгү аялдарга салыштырмалуу жогору болууда. Жалпы кол тамгалардын 68%ын эркектер, 32%ын аялдар калтырган.
Талапкерлерди эң көп жаш шайлоочулар колдоодо. Тактап айтканда, 19 жаштан 35 жашка чейинки жарандар жалпы кол тамгалардын 56,4%ын түзгөн. Ал эми 36 жаштан 45 жашка чейинкилердин үлүшү 19,5%ды түздү.
Кол топтоо мамлекеттик «Түндүк» порталы аркылуу электрондук форматта жүргүзүлүүдө. Жарыяланган графикке ылайык, бул жараян 8-декабрга чейин уланат.
Талапкерди каттоо үчүн кеминде 30 миң кол тамга чогултуу зарыл. Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясына сунуштала турган кол тамгалардын эң жогорку саны 60 миңди түзөт.
Бирок талап кылынган сандагы кол тамганы чогултуу талапкердин шайлоого катышуусун автоматтык түрдө кепилдебейт. Борбордук шайлоо комиссиясы кол тамгаларды жана документтерди текшерип, андан кийин талапкерди каттоо боюнча акыркы чечим кабыл алат.
Талапкерлерди каттоо 2026-жылдын 23-декабрына чейин аякташы керек.
Эске салсак, Кыргызстанда президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январына белгиленген.
