Кытай Путин, Трамп жана Си Цзиньпиндин тарыхый жолугушуусу 19-ноябрда өтөрүн расмий тастыктады
Кытайдын Тышкы иштер министрлиги 2026-жылдын 19-ноябрында Шэньчжэнь шаарында Орусиянын президенти Владимир Путин, АКШнын президенти Дональд Трамп жана Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин үч тараптуу алгачкы жолугушуусу өтөрүн расмий тастыктады.
Тиешелүү билдирүүнү Кытайдын тышкы саясий ведомствосу 16-ноябрда жарыялады.
«Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин 19-ноябрда Шэньчжэнь шаарында Орусиянын президенти Владимир Путин жана АКШнын президенти Дональд Трамп менен жолугушат», – деп айтылат Кытай ТИМинин билдирүүсүндө.
Сүйлөшүүлөр Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтык уюмунун (АТЭС) 18-19-ноябрда өтө турган саммитинин алкагында уюштурулат. Си Цзиньпин лидерлердин жолугушуусуна төрагалык кылып, сөз сүйлөйт.
Буга чейин саммиттин өтөрүн Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков тастыктаган. Ак үй да үч тараптуу жолугушууга даярдык көрүлүп жатканын билдирген.
Сүйлөшүүлөрдүн негизги темаларынын бири стратегиялык туруктуулук жана өзөктүк куралдарды кыскартуу маселеси болушу мүмкүн.
Эл аралык маалымат каражаттарынын маалыматына караганда, Вашингтон өзөктүк арсеналдарды көзөмөлдөө жана Ирандагы кырдаалды талкуулоого кызыкдар. Москва өзөктүк коопсуздук маселелерин талкуулоого даяр экенин билдиргени менен, эл аралык күн тартибин кеңири кароону жактайт.
Кытайдын позициясы башкача. Буга чейин Пекин өзөктүк куралдарынын запасы Орусия менен АКШга салыштырмалуу кыйла аз болгондуктан, алар менен бирдей шартта өзөктүк арсеналды кыскартуу боюнча сүйлөшүүлөргө катышууну көздөбөй турганын бир нече жолу билдирген.
South China Morning Post басылмасынын маалыматына ылайык, тараптар өзөктүк куралды башкаруу системаларында жасалма интеллектти колдонуу маселесин да талкуулашы мүмкүн.
Ал эми Associated Press агенттиги булактарына таянып, үч тараптуу сүйлөшүүлөрдө Украинадагы жаңжал өзүнчө тема катары каралбай турганын жазды.
«Коммерсант» басылмасынын маалыматына караганда, БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу үч мүчөсүнүн эл аралык тынчтыкты жана туруктуулукту сактоодогу жоопкерчилиги тууралуу кыскача биргелешкен билдирүү кабыл алуу мүмкүнчүлүгү да каралууда.
Азырынча бул документ боюнча акыркы чечим кабыл алына элек.
Кытайдын Тышкы иштер министрлиги жолугушуунун датасын жана ордун тастыктаганы менен, сүйлөшүүлөрдүн расмий күн тартибин толук жарыялай элек.
