Кыял Жанузакова Бакуда Түрк мамлекеттеринин Уюмунун министрлеринин жыйынында Кыргызстандын демилгелери менен тааныштырды
2025-жылдын 11-12-июнунда Баку шаарында үй-бүлө жана социалдык саясат маселелерине жооптуу Түрк мамлекеттеринин уюмунун (ТМУ) министрлеринин жана ведомство жетекчилеринин экинчи жолугушуусу болуп өттү. Форумдун темасы “Заманбап коомдогу аялдардын ролу: туруктуу өнүгүү жана салттуу баалуулуктар”.
Иш-чарада Кыргыз Республикасынын атынан Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Кыял Жанузакова сөз сүйлөп, өлкөнүн үй-бүлө, гендердик теңчилик жана инклюзия жаатындагы саясатынын приоритеттүү багыттарын белгиледи, ошондой эле бириккен аймактык жамааттардын алкагында биргелешип ишке ашыруу боюнча бир катар конкреттүү демилгелерди көтөрдү.
"Кыргызстан үй-бүлө институтун бекемдөөгө, аялдардын укуктарын илгерилетүүгө жана туруктуу өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет. Биздин демилгелер бардыгы үчүн, өзгөчө аялдар жана жаштар үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган", – деп белгиледи Кыял Жанузакова өз сөзүндө.
Жанузакова айткан Кыргызстандын негизги демилгелери:
Түрк дүйнөсүнүн аялдардын лидерлик платформасын түзүү – ТМУ өлкөлөрүндөгү аялдардын саясий, экономикалык жана илимий потенциалын өнүктүрүү.
2026 – жылы үй – бүлөнү жана аялдардын лидерлигин колдоо чөйрөсүндө алдыңкы тажрыйбаларды алмашуу үчүн аянтча катары "бактылуу үй-бүлө-гүлдөгөн мамлекет" форумун өткөрүү.
Түрк дүйнөсүнүн аялдар жана үй-бүлө уюмдарынын ортосундагы маданий жана билим алмашуунун бирдиктүү календарын түзүү.
2024 – жылы Кыргызстан тарабынан сунушталган "келечек муундар үчүн" бирдиктүү фондун түзүү демилгесин колдоо-балдарды жана жаштарды өнүктүрүү чөйрөсүндөгү долбоорлорду каржылоо, ошондой эле үй-бүлөлүк бизнести жана стартаптарды колдоо үчүн.
Мыйзамдык реформалар, гендердик бюджетти түзүү жана 2030-жылга чейинки улуттук стратегияны ишке ашыруу аркылуу гендердик теңчиликти жана инклюзивдик саясатты илгерилетүү.
К.Жанузакова ошондой эле Кыргызстан олуттуу натыйжаларга жетишкенин: гендердик квоталар киргизилгенин (республикалык деңгээлде 30%, жергиликтүү деңгээлде 42%га чейин), аялдардын санариптик демилгелери колдоого алынып, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды караган энелерге компенсациялык колдоо көрсөтүлүп, бизнесте жана билим берүү тармагында аялдарды колдоо боюнча комплекстүү программа ишке ашырылып жатканын белгиледи.
«Түрк мамлекеттеринин уюмунун биргелешкен аракеттери аялдардын коомдогу ролун күчөтүү, адилеттүү жана туруктуу келечекти түзүү үчүн күчтүү түрткү болот деп ишенебиз», – деп жыйынтыктады министрдин орун басары.
