Санариптик өнүктүрүү министрлиги жаңы санариптик кызматты ишке киргизди
5 ноябрь

Санариптик өнүктүрүү министрлиги жаңы санариптик кызматты ишке киргизди

КР Санариптик өнүктүрүү министрлиги Tunduk тиркемеси аркылуу жарандык абалдын актысынын күбөлүктөрүн кайра алуу боюнча онлайн-кызматты ишке киргизди. Эми өзүңүзгө, балдарыңызга же башка бир туугандарыңызга үйдөн чыкпай эле күбөлүктөрдү онлайн аласыз!

Алуу үчүн кийинки кадамдамдарды аткарыныз:

  1. Кызматты тандаңыз.
  2. Күбөлүктүн түрүн тандаңыз.
  3. Керектүү маалыматтарды киргизиңиз.
  4. Жеткирүүнү тандаңыз (зарыл болсо).
  5. Сүрөт идентификациясынан өтүңүз.
  6. Булуттук электрондук кол тамганы колдонуп, арызга кол коюңуз.
  7. Жооп алгандан кийин төлөңүз (MegaPay аркылуу төлөөгө болот).

Кызматтын баасы тандалган күбөлүктүн түрүнө жана жеткирүү муктаждыгына жараша болот. Каалаган убакта, кезексиз жана мамлекеттик органдарга барбастан катталуу мүмкүн!

Кызмат «Tunduk» мамлекеттик мекемеси, КР СӨМгө караштуу «Инфоком» мамлекеттик ишканасы жана ККД тарабынан ишке ашырылган.