Бишкекте алдамчылыкка шектелип мурдагы журналист кармалды. Окуянын чоо-жайы
13 июнь

Бишкекте алдамчылыкка шектелип мурдагы журналист кармалды. Окуянын чоо-жайы

Бишкек шаарынын Свердлов РИИБге Ж.Т. аттуу жаран арызы менен кайрылган. Анда, 2023-жылдын 19-апрелинен 2024-жылдын 26-февралына чейинки аралыкта “Раян Билдинг” аттуу курулуш компаниянын жетекчилиги алдоо жолу менен ишеничине кирип, көп кабаттуу үйүнүн үлүштүк курулушуна 3 млн 326 миң сом төлөп берүүгө көндүрүшкөн, андан соң убадасын аткарбай качып жүргөнүн билдирди.

Аталган факт боюнча Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлеринин тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1987-жылы туулган А.А. аттуу жаран аныкталып, кармалган. Тергөө кызматына жеткирилип, Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту 1 айга камакка алуу түрүндөгү жазаны №1 СИЗОго камакка алуу чечимин чыгарды.

Азыркы учурда аталган факт боюнча арызданычуулар көбөйүүдө.