ТМУ саммити: Расмий жана салтанаттуу иш-чараларды өткөрүү жайлары өзгөчө көзөмөлгө алынды
Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын 11-саммити өтүп жатат. Бул расмий иш-чаралар учурунда милиция коомдук тартипти, жол коопсуздугун толук камсыздайт.
ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, расмий жана салтанаттуу иш-чараларды өткөрүү жайлары өзгөчө көзөмөлгө алынды.
"Транспорт каражаттарынын кыймылына тоскоолдук жараткан транспорт каражаттары аргасыз алынат. Транспорт каражаттарын туура эмес жерге калтырбоону суранабыз", - деп билдиришти ИИМден.
Расмий иш-чараларды өткөрүү мезгилинде борбор калаанын жолдорунун айрым тилкелеринде транспорт каражаттарынын кыймылы чектелген, буга байланыштуу борбор калаанын тургундарынан жана конокторунан жүрүү маршруттарын алдын ала тандоону суранабыз жана коомдук транспортту колдонууга чакырат.
