«Эл Ди Эс Черитиз» Бишкектеги стоматологиялык кабинетти керектүү жабдуулар менен толук кандуу камсыз кылды
Бишкекте №2 шаардык стоматалогиялык поликлиникасын заманбап жабдуулар менен камсыздоо боюнча гуманитардык долбоор аяктады. Долбоордун жабылыш аземи 23-сентябрда болгон.
«Эл Ди Эс Черитиз» кайрымдуулук коомдук фонду мекеменин мектеп окуучулары үчүн тиш дарылоо кабинеттерине, социалдык кабинет жана тиш техникалык лабораториясына зарыл болгон жабдууларга болгон муктаждыгын толугу менен канааттандырды.
Долбоордун алкагында поликлиника "В" классындагы 10 кичинекей автоклав, эки тиш дарылоо аппаратын жана тиш техниктери үчүн соруучу системалар менен жабдылган сегиз атайын жумушчу стол алды.
№2 шаардык стоматологиялык поликлиникасы Бишкектин эң ири району болгон Ленин районунда иштейт. Учурда Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында мекеме 98 552 адамды тейлейт.
Мындан тышкары, поликлиника борбор калаадагы жалпы билим берүүчү 10 мектептин – №2, 13, 25, 42, 50, 68, 83, 97, 99 жана 102-мектептердин стоматологиялык кабинеттерине жооптуу.
Жыл сайын бул кабинеттерде окуучулардын тиштерин алдын ала текшерүү жана дарылоо иштери жүргүзүлөт.
Орточо эсеп менен жылына бул жерден 12 миңге жакын бала тиш доктурунун жардамын алат.
Долбоордун эң маанилүү бөлүктөрүнүн бири – 10 мектептеги тиш дарылоо кабинетинин баарын автоклав менен жабдуу болду.
Буга чейин аспаптарды стерилдөө үчүн кургак шкафтар колдонулуп келген. Жаңы жабдуулар тиш дарылоо аспаптарын иштетүүнүн заманбап деңгээлин камсыз кылып, дарылоо учурунда балдардын коопсуздугун жогорулатат.
Поликлиниканын социалдык багыттагы иштерине да өзгөчө көңүл бурулду. Мекемеде өзүнчө кабинет иштейт, ал жерде аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн өкүлдөрү тиш доктурга көрүнүшөт. Ал жердеги үч тиш дарылоо аппаратынын экөө эскирип, техникалык жактан да, моралдык жактан да артта калган.
Долбоордун алкагында фонд эки жаңы тиш дарылоо аппаратын берди, бул бейтаптарды кабыл алуу шарттарын жана көрсөтүлүүчү жардамдын сапатын жакшыртууга мүмкүндүк берет.
Долбоордун дагы бир багыты борбор калаанын улгайган тургундарына тиешелүү. Поликлиникага пенсионерлер дайыма кайрылышат, кээде тиш протездерин жасатуу үчүн. Бул ишти тиш техниктери жасашат, бирок мурдагы жумушчу орундары заманбап талаптарга жооп берген эмес.
Гипс, керамика жана башка материалдар менен иштөө үчүн атайын столдор, сордуруу системасы жана жумушчу мейкиндикти жөнгө салуу мүмкүнчүлүгү талап кылынат.
Бишкек шаарындагы стоматологиялык лаборатория үчүн фонд ушундай столдон сегизди сатып алды.
Жаңы жабдуулар адистердин эмгек шарттарын жакшыртып, поликлиниканын Бишкектин тургундары, анын ичинде пенсионерлер үчүн жеткиликтүү тиш протездерин жасоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтиши керек.
Ошентип, долбоор мекеменин бир нече багыттарын камтыды – балдардын тишин дарылоо, социалдык жактан аялуу үй-бүлөлөргө жардам жана тиш протездөө.
Берилген жабдуулар бир жолку жардамга эмес, туруктуу колдонууга арналган. Автоклавдар мектеп кабинеттериндеги шаймандарды күн сайын стерилдеп турат, жаңы тиш дарылоочу аппараттар социалдык кабинетте бейтаптарды кабыл алууда колдонулат, ал эми жабдылган жумушчу орундар протездерди жасоодо тиш техниктерине кызмат кылат.
Мына ушундай ыкма кайрымдуулук долбооруна узак мөөнөттүү натыйжа алууга жол ачат: жабдууларга сарпталган каражаттар борбордун он миңдеген тургундары үчүн стоматологиялык жардамдарынын коопсуздугуна, сапатына жана жеткиликтүүлүгүнө салынган инвестиция болуп саналат.
