Борбордук милициянын Кылмыш иликтөө башкармалыгы тарабынан 1400 0000 сомду түзгөн интернет алдамчылыгы фактысы боюнча шектүү кармалды
18 октябрь

Борбордук милициянын Кылмыш иликтөө башкармалыгы тарабынан 1400 0000 сомду түзгөн интернет алдамчылыгы фактысы боюнча шектүү кармалды

Бишкек шаарын Ленинский РИИБге С.К., аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда, 2025-жылдын 6 август күнү белгисиз кишилер ватсап аркылуу ГКНБ кызматкерлери катары өздөрүн тааныштырып, алдоо жолу менен 14000000 сом акча каражаттарын аркандай банктын эсептик карталарына которуп алганыгын билдирген.

Аталаган факт боюнча Бишкек шаарын Ленин РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Респуликасынын КЖКнын 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Бишкек шаарынын ИИББнын КИБдин “К” бөлүмүнун кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө жана техникалык иш-чаралардын жыйынтыгында, 2007-жылы туулган Е.С., аттуу шектүү аныкталып, кармалган. Тергөө кызматына жеткирилип, Ленин райондук сотунун чечими менен Бишкек шаардык №1 Тергөө абагына 2 айга камакка алуу баш коргоо чарасы тандалган.

Мындан тышкары, милиция кызматкерлери тарабынан, соода борборлорундагы видео камералар текшерүүгө алынып, терминалдарга бөгөттөлүп, алардын эсептик счеттору алынды.

Учурда, жогоруда көрсөтүлгөн кылмыш фактысына тиешелүү адамдарды аныктоо боюнча бардык иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Көңүл буруңуздар! Бишкек шаардык милициясы жарандарды банк карталарды, SIM-карталарды жана мобилдик банк тиркемелерине кирүү мүмкүнчүлүгүн үчүнчү жактарга бербөөгө чакырат. Бул аракеттерге Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза Кодексинин 209 прим 1 беренесине ылайык жоопкерчилиги каралган.

Эгерде сизде мыйзамсыз аракеттер тууралуу маалыматка ээ болсоңуз, дароо укук коргоо органдарына кайрылыңыз же күнү-түнү байланыштагы “102” номери аркылуу кабарлаңыз.