Деңиз портунда болгон жарылуу. Садыр Жапаров Ирандын президентине көңүл айтты
Президент Садыр Жапаров Бендер-Аббас шаарындагы деңиз портунда болгон жарылуунун кесепетинен адамдардын каза болушуна байланыштуу Иран Ислам Республикасынын президенти Масуд Пезешкианга көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
«Бандер-Аббас шаарында Шахид Ражаи деңиз портунда болгон жарылуунун кесепетинен адамдар каза болду деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.
Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына аза кайгысын тең бөлүшүп, көңүл айтам, ал эми жабыр тарткандардын тез арада сакайып кетишин каалайм», – деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.
Белгилей кетсек, Ирандын портундагы жарылуудан кеминде 25 киши набыт болгонун жергиликтүү бийлик билдирди. Дагы 1139 адам жардыруудан жаракат алган. Алтоо дайынсыз жоголгондордун тизмесинде.
26-апрелде эртең менен Ирандын түштүгүндөгү Бандар-Аббас шаарындагы Шахид Ражаи портунда катуу жардыруу болду.
