Ош шаарында жаңы жыл майрамына карата даярдык башталды
Ош шаарында жаңы жыл майрамына карата даярдык башталды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.
Учурда борбордук аянтка жаңы жылдык балаты орнотуп, жасалгалоо иштери кызуу жүрүүдө.
Буга байланыштуу мэриянын алдындагы көчө (Алымбек датка көчөсүнүн Заднепровская жана Нургазиев көчөлөрүнө чейинки аралыгы) унаа кыймылы үчүн жабылды. Андыктан мэрия унаа менен жүрүүдө багытыңызды пландап алууну эскертет.
