Чүйдө күйөөсүнө өчөшүп балдарын сабаган келин кармалды
Чүй облусунда өз балдарын сабоого шектелген келин кармалды, деп билдирет облустук милициянын басма сөз кызматы.
Милициянын билдирүүсүнө караганда, 2025-жылдын 3-декабрында социалдык тармактарда белгисиз азиат улутундагы, болжол менен 30-35 жаштагы аял эки баланы үйдүн ичинде сабап жаткан видео тараган.
Бул факты Сокулук РИИБде катталып, текшерүү иштери башталган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө чоңдордун жана балдардын өздүгү аныкталып, алар Сокулук айылынын тургундары: энеси - 1995-жылы туулган М.А., жана анын жолдошу - 1988-жылы туулган Н.М.
Жабыркаган балдар - 2016-жылы туулган М.А., жана 2018-жылы туулган М.М. Алардын баары тергөө кызматына тергөө аракеттерин жүргүзүү үчүн жеткирилген.
Бул окуя боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси ("Уруп-сабап кыйноо") жана 139-беренеси ("Өмүргө жана ден соолукка коркунучтуу зомбулукту колдонуу менен коркутуу") боюнча кылмыш иши козголгон.
Тергөө учурунда белгилүү болгондой, окуя 2025-жылдын 26-ноябрында болгон. М.А. жолдошу менен үч айга жакын убакыттан бери урушуп жүргөндүктөн, ага өч алуу максатында балдарын сабаганы аныкталган.
КР КЖПКнын 96-беренесине ылайык, жаран М.А. кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.
Тергөө иштери улантылууда.
