Бакуда “жашыл” курулуш жана тармакты санариптештирүү маселелери талкууланды
18 октябрь

Бакуда “жашыл” курулуш жана тармакты санариптештирүү маселелери талкууланды

Азербайжандын Баку шаарында Урбанистикалык форумдун жыйынтыктоочу иш-чаралары болуп өттү. Бул тууралуу КР Курулуш министрлигинен кабарлашты. 

Форумдун алкагында курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Бактыяр Станбеков Азия өнүктүрүү банкынын тармактык бөлүмүнүн Суу менен камсыздоо жана шаардык өнүгүү башкармалыгынын улук директору менен жолукту.

Жолугушууда “жашыл” стандарттарды киргизүү, канализациялык тазалоо курулмаларын куруу, ошондой эле эл аралык коомчулук колдонуп келе жаткан шаар куруу тармагындагы заманбап санариптик инструменттер боюнча маселелер талкууланды.

Министрдин орун басары белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлиги өз ишмердүүлүгүн өркүндөтүүгө жана стратегиялык милдеттерди ишке ашырууга, анын ичинде шаар куруу кадастрын иштеп чыгууга багыт алган.