Ош шаарынын аймагына кошулган Жаңы-Маала айылында жаңылануу иштери жүргүзүлөт 
4 декабрь

Ош шаарынын аймагына кошулган Жаңы-Маала айылында жаңылануу иштери жүргүзүлөт 

Күн мурун, 3-декабрда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Жаңы-Маала айылынын жашоочулары менен жолугушту.

Мэриядан кабарлашкандай, аталган айыл 2024-жылы административдик-территориялык реформанын алкагында Ош шаарынын аймагына кошулган.

Ош шаарынын мэриясы Жаңы-Маала айылын реновациялоону пландаштырууда. Жолугушууда шаар мэри жергиликтүү тургундарга аталган долбоор тууралуу маалымат берди. Келерки жылдан баштап конуштагы бардык эски турак-жайларды бузуп алып салып, ордуна жаңы көп кабаттуу жана жер үйлөр, мектеп, бала бакча, үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору, мечит жана сквер курулат.

Мэр өз сөзүндө биринчи кезекте 12 жылдык мектептин курулушу башталаарын, орду даяр экенин белгилеп өттү.

Эскерте кетсек, бул айылда 4 миңге жакын жаран жашайт. Конушта 4 жылдык мектеп менен үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунан башка социалдык обьект жок. Көпчүлүгү эскилиги жеткен үйлөрдө, инфраструктуралык оор шартта күн кечирип келишет.