Манас шаарында баңгизатын сатып жүргөн 17 жаштагы өспүрүм кармалды
2025-жылдын 26-сентябрь күнү Манас ШИИБдин ЭММКАКтын кызматкерлери тарабынан белгисиз Н аттуу жаран шаардын аймагында мыйзамсыз баңгизатын сактап, сатып жүргөндүгү боюнча маалымат алынган.
Аталган маалымат Манас ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (баңгизат каражаттарын, психотропттук жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен катталып, кылмыш иши козголгон.
Манас ШИИБдин кызматкерлери тарабынан, козголгон кылмыш ишине шектүү катарында Өзгөн районунун 2008-жылы туулган Н.Ш. аттуу тургуну аныкталып, Манас ШИИБне тергөө кызматына жеткирилген.
Тергөө амалдарынын жүрүшүндө 2008-жылы туулган Н.Ш. аттуу баланын жанында 17 даана желим баштык менен оролгон синтетикалык клефедрон аталыштагы, салмагы 16 граммды түзгөн баңгизаты алынып, Жалал-Абад шаардык соту тарабынан 1 айга камакка алынган.
