Эмгек министри: Ардагерлердин эрдиги – бүгүнкү жаркын келечектин негизин түздү
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров кыргызстандыктарды Улуу Жеңиш күнү менен куттуктады.
Министрдин куттуктоосунда мындай деп айтылат:
"Урматтуу мекендештер!
Сиздерди 9-Май — Улуу Жеңиш күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Бул күн — эркиндикти, тынчтыкты жана баатырларды эскерген улуу күн. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жана тылда эмгектенген ардактуу инсандарыбызга башыбызды ийип таазим этебиз. Алардын кайратмандыгы, кайгылуу жылдардагы сабыры жана эрдиги – бүгүнкү тынч турмуштун, жаркын келечектин негизин түздү.
Жеңиш – бул ар бир үй-бүлөнүн көз жашы, талыкпаган эмгеги жана кайратмандыгы менен келген баа жеткис байлык.
Урматтуу ардагерлер жана жалпы мекендештер! Сиздерге бекем ден соолук, узун өмүр, ар бир үй-бүлөгө тынчтык жана бакубат турмуш каалайм. Тынчтык болсун, согуш кайталанбасын!
Майрамыңыздар менен! Улуу Жеңиш күнү кут болсун!".
