Минералдык суу чыккан жер мамлекеттин менчигине кайтарылды
3 декабрь

Минералдык суу чыккан жер мамлекеттин менчигине кайтарылды

Чүй облусунун Аламүдүн райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, Таш-Мойнок айыл аймагында жайгашкан   “Тёплые ключи” ден соолукту чыңдоо комплексин минералдык суу менен камсыз кылуучу 3,12 га жер тилкеси 1998-жылы мыйзамсыз “КС” ЖЧКсына өтүп кеткендиги аныкталган.

Көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында базар баасы 442,5 млн сомду түзгөн жер тилкеси мамлекеттин менчигине  кайтарылды.