
"Кайыңды" конушуна жол курулууда
"Кайыңды" конушунда жолчулар жолду, Дорожный тилкесин Элебесов көчөсүнөн каналга чейин куруу иштерин жүргүзүп жатышат.Мэриядан билдиришкендей, жолдун узундугу-1100 погон метр.
Бүгүнкү күндө бордюрларды орнотуу жана асфальт салууга чейинки жолдун негизин даярдоо иштери жүрүп жатат.
Мындан тышкары, ирригация системасын орнотуу иштери аяктады.