Бишкекте "Өлбөс полк" жүрүшү башталды
Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгын белгилөөнүн алкагында “Өлбөс полктун” жүрүшү башталды.
Жөө жүрүш Д. Асанов атындагы паркынан башталып, Өчпөс отко чейин уланат.
Буга байланыштуу жүрүштүн каттамы схема боюнча жарым-жартылай жабылат.
