Кыргызстан менен Түркия бажы тармагында санариптик кызматташууну кеңейтүүдө
Анкара шаарында 2-декабрда Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен Түркия Республикасынын Соода министрлигинин ортосунда Биргелешкен бажы кеңешинин үчүнчү отуруму болуп өттү. Бул тууралуу КР МБКдан кабарлашты.
Делегацияны КР МБКнын төрагасы Алмаз Салиев жана Түркиянын соода министринин орун басары Сезай Учармак жетектешти.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өкмөттөр аралык протоколго - товарлар жана транспорт каражаттары жөнүндө алдын ала маалымат алмашуу жана жөнөкөйлөтүлгөн бажы контролу боюнча техникалык шарттарга кол коюшту. Бул документтер бажы жол-жоболорунун ачыктыгын тездетүүгө жана жогорулатууга багытталган санариптик механизмдерди практикалык ишке киргизүү үчүн негиз түзөт.
Тараптар ошондой эле өз ара административдик жардам жөнүндө макулдашуунун алкагында электр-санариптик кол коюлган документтерди кабыл алууга даярдыгын тастыкташты. Кыргыз тарап документтерди күбөлөндүрүү үчүн МБК тарабынан иштелип чыккан электрондук санариптик кол тамганы колдонууну сунуштады. Түрк тарап бул сунушту колдоп, мындай документтерди верификацияланган катары кабыл алууга макул болду. Техникалык параметрлерди тактоо үчүн 2025-жылдын декабрында эксперттердин өзүнчө жолугушуусу өтөт.
Делегация башчылары өз ара соода статистикасын жылына эки жолу — 15-январга чейин жана 15-июлга чейин алмашууну макулдашышты. Бул товар жүгүртүүнүн динамикасын ыкчам көзөмөлдөөгө жана аны көбөйтүү үчүн өз убагында чараларды көрүүгө жардам берет.
Кинологиялык чөйрөдөгү өз ара аракеттенүү маселелери өзүнчө каралды. Бул тармактагы кызматташуу жөнүндө Протоколдун алкагында 2026-жылы адистердин биргелешкен жолугушууларын жана окутуу иш-чараларын өткөрүү каралган.
Отурумдун жыйынтыгы боюнча 2026-жылы Кыргыз Республикасында Биргелешкен бажы кеңешинин төртүнчү отурумун өткөрүү чечими кабыл алынды.
