Бишкектин айрым аймактарында 4-декабрда таза суу жок болот
Бишкектин айрым аймактарында 4-декабрда саат 10:00дөн 24:00гө чейин таза суу жок болот, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.
Суу өчүрүлө турган аймак төмөнкү көчөлөр менен чектелет.
* Селекционное көчөсү – Муромская көчөсү – Биримдик көчөсү – Жайыл Баатыр көчөсү.
Д-250 мм суу түтүгүндө авариялык-калыбына келтирүү иштеринин жүргүзүлүшүнө байланыштуу суу убактылуу токтотулат.
«Бишкексууканал» МИси келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекемелерди, тургундарды алдын ала ичүүчү суу камдап алууга чакырат.

