Казакстанда жүк ташуучу унаа кыргызстандык айдоочуну сүзүп кетти
Актөбөдөгү «Жайсан» өткөрмө бекетинде жергиликтүү айдоочу 47 жаштагы Самат Бейшекеевди сүзүп кеткен. Бул тууралуу жабырлануучунун кесиптеши Reporter.kg сайтына маалымдады. Ал оор жаракат алып, буту-колу сынган, башынан жаракат алып, мээси чайкалган. Абалы оор деп бааланууда.
Окуя 25-ноябрда болжол менен саат 16:00да болгон. Самат кезекте турган фурасынын жанында турганда, каршы тилкеде келе жаткан башка фура коюп кеткен. Окуя боюнча тиешелүү документтер толтурулган. Дарылоо үчүн болжол менен 6 миң доллар керек.
Кесиптешинин айтымында, казак укук коргоочулары айдоочуну кармаган эмес, экспертиза «жеңил жаракат» деп корутунду чыгарган. Күнөөлүү айдоочу Саматты Кыргызстанга жеткирүү жана анын дарылоо чыгымдарын төлөөдөн баш тартууда. Кесиптештери жана туугандары Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Кудайберген Базарбаевге кайрылышкан, бирок жооп ала элек. Алар Кыргызстандын бийлигинен кийлигишүүнү суранышат.
