Сузакта 3 млн сомго алдап кеткен жаран кармалды
3 декабрь

Сузакта 3 млн сомго алдап кеткен жаран кармалды

2025-жылдын 28-ноябрь күнү Сузак РИИБне Базар-Коргон районунун Б.А. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анда 2025-жылдын жай айларында Базар-Коргон районунун Ы.уулу Б. аттуу тургунунан “ХОВО” үлгүсүндөгү автоунааны 3 000 000 (үч миллион) сомго баалап сатып алгандыгын жана ал документтерин юридикалык жактан өткөрүп берем деп бир канча убакыттан бери алдап жүргөндүгүн, натыйжада “ХОВО” үлгүсүндөгү автоунаа Ноокен районундагы жоопкерчилиги чектелген жол куруучу иш канасына таандык экендигин айтып, Ы.Б.уулуна карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү сураган.

Натыйжада жабырлануучу 3 000 000 (үч миллион) сом материалдык зыян тарткан.

Аталган факты Сузак РИИБдин тергөө кызматы тарабынан, кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Жалал-Абад облустук милициясынын ыкчам иш-аракеттеринин негизинде кылмышка шектүү катарында Базар-Коргон районунун 1996-жылы туулган Ы.Б.уулу аттуу тургуну кармалып, Сузак райондук соту тарабынан бир айга камакка алынган.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө Ы.Б.уулунун үстүнөн дагы башка кылмыштар бар экендиги аныкталган.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.