Саламаттык сактоо жана билим берүү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди
30 октябрь

Саламаттык сактоо жана билим берүү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Саламаттык сактоо жана билим берүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 24-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам менен “Билим берүү жөнүндө”, “Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилген.

Мыйзам менен “Билим берүү жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында интернатура жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү катары каралган.

Ошондой эле, “Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 42-беренесинин 2-бөлүгүндө эпидемиялык көрсөткүчтөр боюнча алдын ала эмдөөлөрдү жүргүзүү үчүн жылдык керектөөдөн 6 айдан кем эмес көлөмдө вакциналардын мамлекеттик резервдик запасын түзүү жөнүндө ченемдерди алып салуу жаатында өзгөртүүлөр киргизилген, анткени алардын чыгышын алдын ала айтуу мүмкүн эмес. Мындай вакциналарды сатып алууда алардын так эмес прогноздорунан улам пайдаланылбай калуу коркунучу келип чыгат жана кийин өлкөнүн бюджетине коркунуч келтирет. Ошондой эле, пайдаланылбай калган вакциналарды жок кылуу кошумча чыгаша жана эскирген дарыларды өрттөгөндө экологияга коркунуч жаратат.

Андан тышкары, Мыйзам менен “Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесине өзгөртүүлөр киргизилген. Ага ылайык, медициналык иштин айрым түрлөрү боюнча жеке медициналык практиканы жүргүзүү укугуна ушул Мыйзамдын 16-беренесинин 5-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдарды кошпогондо, мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо уюмдарында 5 жылдан кем эмес иш стажы бар адамдар ээ боло алат. Мында медициналык иштин айрым түрлөрүнүн тизмеги саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.

Жеке медициналык практиканы жүргүзүү тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.