
Элчи Эрлан Абдылдаев Тажикстандын маданият министри менен жолугушту
Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Эрлан Абдылдаев Тажикстандын маданият министри Матлубахон Сатториён менен жолугушту.
КР ТИМден кабарлашкандай, тараптардын жолугушуусу 23-октябрда Душанбеде өткөн.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар маданият тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, анын ичинде эки тараптуу мамилелерди жакшыртууга багытталган биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнү талкуулашты.
Ошондой эле, тараптар эки өлкөнүн маданий кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү үчүн ченемдик укуктук негиз болуп саналган Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы маданий чөйрөдөгү болгон макулдашууларды андан ары жаңылоо же толуктоо менен талдоо зарылдыгын белгилешти.
Тараптар Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы элчилиги менен Тажикстан Республикасынын Маданият министрлигинин ортосундагы зарыл болгон өз ара аракеттенүүнү улантууга макулдашышты.