Ош: бузулган базардын ордуна парк курулат
30 октябрь

Ош: бузулган базардын ордуна парк курулат

Ош шаарындагы эски борбордук базардын орду паркка айланат. Ак-Буура дарыясынын жээгин бойлой шаар тургундары үчүн заманбап парк куруу маселеси боюнча Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев кытайлык компаниянын өкүлдөрү менен жолугушту.

Гранттык негизде курулуучу жаңы парктын эскиздик долбоору даяр болду. Калаа башчы жакынкы күндөрү курулушун баштоо тапшырмасын берди.