Белгилүү журналист Чолпонбек Тайтелиев мезгилсиз дүйнөдөн кайтты
Агартуу тармагындагы илимий-педагогикалык «Эл агартуу» журналынын мурдагы башкы редактору, белгилүү журналист жана педагог-методист Чолпонбек Тайтелиев узак оорудан кийин 2025-жылдын 1-декабрында, элүү жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен кабарлашты.
Чолпонбек Абдырахманович 1975-жылдын 28-майында Талас облусунун Кара-Буура районундагы Көк-Сай айылында жарык дүйнөгө келген. 1992-жылы ошол эле айылдагы орто мектепти аяктап, Манас районундагы орто кесиптик окуу жайынын бухгалтердик эсеп бөлүмүнө кирип, айыл чарбасынын бухгалтери адистигине ээ болгон. 1998-жылы Ж.Баласагын атындагы КУУнун кыргыз филологиясы факультетине тапшырып, 2004-жылы ийгиликтүү аяктаган.
Эмгек жолун 1997-жылы Бишкек шаарындагы №73 мектепте мугалим болуу менен баштап, ошол эле жылы Билим берүү жана илим министрлигинин “Эл агартуу” журналына кызматка кирет. Көп жылдар бою жооптуу катчы болуп иштеп, 2012-жылдан 2023-жылга чейин, 11 жыл бою башкы редакторлук кызматты үзүрлүү аркалап, журналдын мазмундук сапатын жогорулатууга зор салым кошту. Акыркы жылдары журналдын бөлүм башчысы катары ишин улантып, чыгармачылык изденүүсүн токтоткон жок. 26 жылдык үзүрлүү эмгеги менен Чолпонбек Тайтелиев “Эл агартуу” журналынын салтын сактап, анын аброюн көтөрүүгө чоң салым кошту.
Чолпонбек Тайтелиев билим берүү тармагынын көйгөйлөрүн, окутуунун жаңы багыттарын, илимий табылгаларды чагылдырууда өзгөчө чеберчилигин көрсөткөн педагогикалык журналистиканын алдыңкы адистеринин бири эле. Илимий-педагогикалык журналдын деңгээлин түшүрбөй, анын окумдуулугун арттыруунун үстүндө көп чыгармачылык мээнет жумшады. Ал жогорку кесипкөйлүгү жана бийик адамгерчилик мамилеси менен кесиптештеринин чоң сый-урматына ээ эле. “Кыргыз адабиятын окутуунун натыйжалуулугун арттырууда ‘Эл агартуу’ журналынын ролу” деген темадагы кандидаттык диссертациянын үстүндө иштеп, бир катар илимий макалаларды жазган.
Ал «Билим берүүнүн отличниги» төш белгисинин, КР Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюздук кошуунунун Ардак грамотасынын, КР Журналисттер союзунун Ардак грамотасынын ээси.
Чолпонбек Абдырахманович жогорку принципиалдуулугу, адамдык асылдыгы, кесипкөйлүгү менен кесиптештеринин жана агартуучулар коомчулугунун жүрөгүндө түбөлүк калат. Маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына, туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Орду толгус жоготуунун оор кайгысын чын жүрөктөн тең бөлүшөбүз.
Д.Ш. Кендирбаева, М.А. Баймурзаев, Н.С. Джусупбекова, А.Д. Махметкулов, Л.А. Самыкбаева, К.А. Чекиров, М.З. Сулайманов, М.К. Токторов, Ч.К. Кийизбаева жана “Кут Билим” медиа борборунун эмгек жамааты
