Чүй облусунун аймагында “Экстремист” аталышындагы рейдик иш-чаралары өткөрүлдү
2025-жылдын 28–29-октябрь күндөрү Чүй облусунун аймагында Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан “Экстремист” аттуу шарттуу наамдагы рейддик жана алдын алуу иш-чаралары өткөрүлдү.
Иш-чаранын негизги максаты — экстремизмге каршы аракеттенүү, экстремисттик багыттагы уюшкан топтордун жана уюмдардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу, ошондой эле алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү болуп саналат.
Иш-чаранын алкагында кызматкерлер Чүй облусунун тургундары менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Натыйжада 1967-жылы туулган М.Р., 1968-жылы туулган М.Ш., 1975-жылы туулган С.К. жана 1959-жылы туулган Ш.Н. аттуу жарандар экстремисттик идеологиядан баш тартышты.
Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы экстремизмдин көрүнүштөрүн алдын алуу жана бөгөт коюу багытында системалуу ишин улантууда.
