БШКсы чет өлкөлөрдө дагы 6 шайлоо участогун бекитүү жөнүндө токтом кабыл алды
29 октябрь

БШКсы чет өлкөлөрдө дагы 6 шайлоо участогун бекитүү жөнүндө токтом кабыл алды

Кыргызстандын аймагынан тышкары мамлекеттердеги Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу максатында бүгүн, 29-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы өзүнүн жыйынында чет өлкөлөрдө добуш берүүнү уюштуруу үчүн түзүлгөн дагы 6 шайлоо участогун бекитүү жөнүндө токтом кабыл алды.

Жаңы шайлоо участоктору төмөнкү өлкөлөрдө жана шаарларда ачылды:

  • Россияда – 4 участок: Екатеринбург, Челябинск, Тюмень жана Пермь шаарларында;
  • Болгарияда – София шаарында 1 участок;
  • Польшада – Варшава шаарында 1 участок.

Ушуну менен чет өлкөлөрдө ачылган шайлоо участкаларынын жалпы саны 97ге жетти.

Эске салсак, 2025-жылдын 18-октябрында БШК 71 шайлоо участогун, ал эми 24-октябрда дагы 20 участок түзүү тууралуу токтом кабыл алган.