Бишкектин айрым райондорунда 15-октябрда таза суу өчүрүлөт
14 октябрь

Бишкектин айрым райондорунда 15-октябрда таза суу өчүрүлөт

Бишкектин айрым райондорунда 15-октябрда саат 09:00дбөн 23:00гө чейин таза суу өчүрүлөт.

Шаардык мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, өчүрүү «Западный» суу алгычында жана шаардык суу түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу.

Өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектешет:
Алыкулов көч. - Кустанай - БЧК - Ала-Арча д. Рыскулов (Д. Сяопин пр.) – Интергельпо – Темир жол линиясы.
(Прогородное айылы) Юбилейная көч – Горький көч -  Садовая көч (Прогородное айылы) - БЧК.
“Аскер шаарчасы”, “Кызыл Аскер”, 110-квартал, Достук кичирайону.

“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.