Бишкекте 8-майда Жеңиш парады өтөт
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык 8-майда Бишкектин Ала-Тоо аянтында Жеңиш парады өтөт.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн өздүк курамынын, курал-жарактарынын жана аскердик техникасынын катышуусунда өтмөкчү.
9-майда Садыр Жапаров Москвада Жеңиштин 80 жылдыгына арналган парадга катышат. Ал күнү Москвага 19 өлкө чакырылган.
Баса, коңшу Казакстанда Жеңиштин 80 жылдыгы 7-майда белгиленет.
