Садыр Жапаров иш сапары менен Астанага келди
28 ноябрь

Садыр Жапаров иш сапары менен Астанага келди

Президент Садыр Жапаров 27-ноябрда иш сапары менен Астана шаарына (Казакстан Республикасы) келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет. 

Мамлекет башчысынын борту Астанадагы эл аралык аэропортко конду.

Президент Садыр Жапаровду Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Аэропорттун флагштокторуна Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишими Уюмуна (ЖККУ) кирген мамлекеттердин желектери илинди, килем төшөлүп, Ардак кароолдун ротасы тизилди.

Иш сапардын алкагында Прпзидент Садыр Жапаров ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына катышат.